Курандын өрттөлүшүнө каршы бүгүн Ооганстанда уланган демонстрацияларда эки полисмен набыт болду, 20 киши жаракат алды. Кечээ Кандагар шаарындагы тополоңдо 10 адам өлгөн. Шаардын көчөлөрүнө чыккан жүздөгөн демонстранттар “АКШга өлүм!”, “Карзайга өлүм!” деп кыйкырып жатышты. Бүгүн мындай демонстрациялар чыгыштагы Жалалабад шаарында да өтүп жатат. Талиптер болсо элди демонстрацияга үндөп, зордук-зобундун баарына өкмөттүк күчтөр айыптуу дешти.
1-апрелде Мазари-Шарифтеги тополоңдо өлгөндөрдүн арасында Бириккен улуттар уюмуна иштеген чет өлкөлүк жети адам да бар эле. Соңку нааразылыктар АКШнын Флорида штатында чиркөөлөрүн биринин пастору Терри Жонс Куран китебин өрттөп салгандан кийин башталды. Президент Барак Обама ыйык китептин өрттөлүшүн да, ооган жериндеги кан төгүүлөрдү да айыптаган билдирүү таратты.