Ливияда козголоңчулар НАТОнун күчтөрүн Муамар Каддафинин аскерлерине каршы чабуулдарды улантууга чакырышты. Мунун алдынан НАТОнун абадан урулган сокукусунан козголоңчулардын 13 адамы өлгөнүн айтышкан болчу. Оппозициянын өкүлдөрү муну азыр “жөн эле кокустук” деп аташууда. НАТО болсо окуяны иликтей турганын билдирген. Ал эми лидер Муаммар Каддафинин өкмөтү козголоңчулардын ок атууну токтотуу сунушун четке какты. Козголоңчулар Каддафинин күчтөрү бүт шаарларды бошотсо, урушту токтото тургандыктарын айтышкан болчу. Өкмөттүк аскерлер бүгүн оппозициянын көзөмөлүндөгү Мисурата шаарына чабуулун улантып жатышууда.