Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Казакстандагы шайлоодо элдин активдүүлүгү жогору


Президенттикке талапкер Н.Назарбаев жана анын жубайы Сара добуш берүү учурунда, 3-апрель, 2011
Президенттикке талапкер Н.Назарбаев жана анын жубайы Сара добуш берүү учурунда, 3-апрель, 2011
Казакстанда бүгүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Эл ага активдүү катышып жатканы айтылууда. Шайлоо бекеттери жабыларга эки саат калганда чыккан кабарга караганда, шайлоочулардын 84% добушун берди. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Назарбаев өзү бул шайлоо элдин “биримдигин” көрсөтөөрүн, анын өлкөнү өнүктүрүү үчүн белгилеген пландарын ишке ашырууга жол ачаарын айтты. Президенттик кызмат үчүн дагы үч талапкер ат салышууда. Бирок бирөө да Назарбаевге чыныгы атаандаштыкты түзө албай турганын айтышат. Оппозиция болсо элди шайлоого катышпоого чакырган. Казакстандагы шайлоолордун бирин да эл аралык байкоочулар “таза жана акыйкат өттү” деп тааныша элек.

XS
SM
MD
LG