Өлкөнүн түштүгүндөгү суфилердин ыйык жеринде эки жанкечти жардырган бомбадан кеминде 41 киши өлүп, көптөгөн адамдар жарадар болду.
Пенжаб провинциясындагы ыйык Сахи Сарвар деген жерде миңдеген суфилер жылда өтүүчү фестивалга чогулган жерде бомба жарылган.
Талиптердин маалымат катчысы анын талапташтары бул жардырууну ишке ашырганын мойнуна алды.
Пакистандын премьери -Юсуф Раза Гилани "мындай террордук иштерди уюштуруп, ишке ашыргандарда эч бир диний ишенүү жана адамдык баалуулуктар жок" деп билдирди.
Пакистандагы жоочулар буга чейин дагы суфилерге каршы бир нече кол салуу уюштурган.