Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Казакстанда шайлоочулардын 90% добуш берди


Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Куандык Турганкулов билдирди. Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы бүгүн жарыяланат.

Жекшембиде мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого азыркы өлкө башчы Нурсултан Назарбаев, Коммунисттердин элдик партиясынын өкүлү Жамбыл Ахметбеков, Патриоттор партиясынын лидери, сенатор Гани Касымов жана «Табигат» экологиялык биримдиктин жетекчиси Мэлс Елеусизов катышты.

Казакстандагы добуш берүүнүн жүрүшүнө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, дагы бир катар эл аралык уюмдардын байкоочулары назар салышты. Алардын айрымдары өз жыйынтыгын бүгүн билдирет.

XS
SM
MD
LG