Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Президенттин күнү "Азаттык" менен башталат


Президент Роза Отунбаева “Азаттык” үналгысынын сыналгы долбоору болгон “Азаттык +” берүүсүнө маек курду. Президент менен маек бул жолу өлкө башчысынын саясий ишмердүүлүгү жана саясат тууралуу эмес, жай турмуш, президенттин жеке жашоосу жөнүндө болду.

Президент айым “Азаттыкка” бул жылы мөөнөтү бүткөн соң көбүнчө чыгармачылык менен алектенүүнү пландап жатканын, президент боло электе үйдө өзү эле тамак жасап жүргөн болсо, азыр тамак жасоого чолосу тийбей калганын, күн сайын йога менен машыгарын, күн сайын интернеттен жаңылыктарды окуп турарын, маал-маалы менен facebook, twitter социалдык тармактарына кирип турарын, эртең мененки иш күнү "Азаттык" үналгысын угуудан башталарын билдирди.

“Азаттык+” берүүсүнүн президенттин жеке турмушу тууралуу чыгарылышын бүгүн кечинде (4-апрель) Коомдук теле каналдан көрүңүз. (IJz)

XS
SM
MD
LG