Бүгүн Бишкекте “7-апрель – бир жылдан кийин” аттуу жыйын өттү. Жыйынга бийлик өкүлдөрү, “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Айкөл эл”, “Ак шумкар” сыяктуу партиялардын лидерлери, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эксперттер катышты.
Жыйында 7-апрелден кийинки өлкөнү демократизациялаштыруудагы жетишкендиктер жана кемчиликтер талкууланды. Жыйынга байкоо салган “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, жетишкендик катары - 7-апрелден кийин бийликтин бир колго топтолуп калуу мүмкүнчүлүгүнүн жокко чыгышы, Конституцияга өзгөртүү киргизилип, өлкө парламенттик башкарууга өткөнү, былтыркы парламенттик шайлоонун таза өткөнү сыяктуу жагдайлар баса белгиленди. Кемчилик катары - өлкөдө парламенттик башкаруунун атын булгоону жана кайрадан мурдагыдай күчтүү президенттик башкарууну алып келүүнү эңсеген күчтөр бар экени жана алар аракет кылып атышканы, парламенттик системанын табиятын жакшы түшүнбөгөн айрым бийлик өкүлдөрү бийлик орундарын, каржы ресурстарын мурдагыдай эле жол менен бөлүп алышканы белгиленди. (IJz)