Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Сатыбалдиев жетектеген дирекциянын ишине баа берилди


Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын отчетун өкмөт бекитип, анын иши канааттандырарлык баа алды. Мындай токтомго премьер-министр Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу аталган дирекциянын маалымат кызматы билдирет.

Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген бул дирекция эл аралык донорлор менен бирге июнь коогасынан жабыркагандарга 1780 өткөөл үйлөрдү куруп берген. Жабыр тарткан 1688 адамга 120,3 миллион сомдук жардам көрсөткөн. Ушул тапта 1070 батирге эсептелинген көп кабаттуу үйдүн он сегизи курулууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG