Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

“Баатырларга таазим” аттуу адабий иш-чара өттү


“7-апрель” кыймылы бүгүн Бишкек шаарындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы көркөм кол өнөрчүлүк окуу жайында “Баатырларга таазим” аттуу адабий иш-чара өткөрдү. Иш-чараны уюштуруучулардын бири, “7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдиргендей, иш-чара 7-апрелдин каармандарын эскерүүгө арналды. Иш-чарага өсүп келаткан жаш акындар чакырылып, алар студенттерге жана окуу жайдын мугалимдерине өздөрүнүн атуулдук ырларынан окуп беришти. Андан соң иш-чаранын катышуучулар, студенттер өкмөт үйүнүн алдына келип, 7-апрелде окко учкандарга арналып тургузулган эстеликке гүл коюшту. (IJz)

XS
SM
MD
LG