Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Каптагаев Байболовдун айткандарын четке какты


“Президент саясий оюндарга, коррупциялык иштерген аралашкан жок”. Мындай пикирин бүгүн президенттин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев “7-апрель – бир жылдан кийин” аттуу жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкө башчысы бүгүн Конституциянын гаранты катары өлкөдөгү саясий оюндардан жогору эле турат. "Ал эми мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун президент жана башка өлкө жетекчилери тууралуу айткандарын талдап, иликтеп чыгыш керек",-деди Каптагаев.

“Ал жерде негизинен баш прокурордун милдетин жарым жыл аткарган кишинин эмес, базардын эле сөзү айтылды. Акыл эстүү кишилер көрүп эле турат, анын эмнеден улам, эмнеге айтып атканын”,- деди Э.Каптагаев.

К.Байболов 1-апрелде Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, өз сөзүндө ал президент баштаган бийлик өкүлдөрү ага каршы юридикалык илинчээк таппай коюшканын, акырында моралдык-этикалык нормаларга таянып кызматтан алууга аргасыз болушканын, президент андан бийик моралдык-этикалык нормаларды талап кылып, бирок өзү тескерисинче иштеп келатканын, маселен кыргыз-түрк “Манас” университетинин имаратынын бир бөлүгү сот аркылуу президенттин жакын тууганына өтүп кеткенин билдирген. (IJz)

XS
SM
MD
LG