Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Апрель ыңкылабына арналган бир катар иш-чаралар өтөт


Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 5-апрелде Бишкектеги Тарых музейинде Апрель элдик революциясына арналган “7-апрель – Элдин баатырлары” аттуу атайын көргөзмө ачылат. Улуттук китепканада апрель ыңкылабына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү жана профессор К. Исаевдин “Коом жана ыңкылап” аттуу китебинин бет ачары болот. Ошондой эле кыргыз-түрк “Манас” университети “Апрель ыңкылабынын бир жылдыгына карата” аттуу илимий-практикалык жыйын өткөрөт. Ал эми Бишкектеги Кино үйүндө “7-апрелде шейит кеткен баатырлардын элесине арналган” аттуу кино тасмалардын бет ачары болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG