Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Конгодо БУУнун учагы кыйроого учурады


Дүйшөмбүдө Улуттар уюмунун кызматкерлерин ташыган чакан учак Конго Демократиялык Республикасынын аймагында кырсыкка учурап, ичиндеги 33 кишинин кеминде 10 чактысы набыт болгону маалымдалды. Улуттар уюмунун өкүлү кыйраган учакта 1 жүргүнчү аман калды деген кабар бар экенин айтты. Кырсыктын себептери дароо айтылган жок.

Күбөлөрдүн айтымында, катуу жаанда учак Киншасы аба майданына конууга камынганда бөлүнүп кеткен.

Конгодо Улуттар уюмунун бейкуттукту сактоочу күчтөрү жайгашкан. 19 миңден ашуун «көк каскачандар» жаңжалдан кийинки аймакта адам укуктарынын бузулушуна, гуманитардык кризистин чыгышына жол бербөө үчүн кызмат кылат.

XS
SM
MD
LG