Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Түркмөнстан: Дашогуздагы аялдар абагы тууралуу баяндама чыкты


Норвегиялык "Хелсинки" комитети даярдаган баяндамада 40 жыл мурун курулган Дашогуз шаарындагы аялдар абагында 2000-жылга чейин 223 аял кармалса, алардын саны 2004-жылы 2200, ал эми бир жылдан кийин 2400гө чейин көбөйгөнү айтылат.

Баяндамада аялдар абагындагы шарттын өтө катаалдыгы, соттолгондор медициналык жардам, жакындары менен көрүшүүдө тыкыр чектөөлөргө дуушар экендиги көрсөтүлөт. Дээрлик бардык аялдар оор жумушка салынган. Алардын көпчүлүгү абактагы тигүү фабрикасында, килем согуп, кирпич куюп иштешет. Айрымдар гана 300-800 доллар пара төлөп короо шыпыргыч, ашканада жууп-тазалаган жумуштарды алышат.

Аялдар иштеп тапкан маянасынын төрттөн үч бөлүгүн түрмөнүн администрациясына берүүгө милдеттүү.

Учурда 2 миңден ашуун айып өтөгөн аялдардын 75% маңзат менен кармалгандар, калган көпчүлүгүн уурулук жана мекеменин акчасын ысырап кылган үчүн деген негизде соттолгондор түзөт. Абакта чет элдик жарандар да бар, бирок алардын так саны белгисиз.

2009-жылы Дашогуздагы аялдар абагына мурдагы вице-премьер-министр жана маданият министри Энебай Атаева, мурдагы премьер-министр Овезгелди Атаевдин жубайы Гузел Атаева, мурдагы баш прокурор Курбанбиби Атаджанова сыяктуу "саясий туткундар" жазасын өтөөгө алып келинген.

XS
SM
MD
LG