Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Эл аралык коомчулук Кытай сүрөткери Ай Вэйдин жоголгонуна кабатыр


Батыш мамлекеттери жана эл аралык укук коргоочулар белгилүү Кытай сүрөткери Ай Вэйвэйдин жоголгонуна тынчсызданганын билдиришти. Эл аралык "Мунапыс" жана башка укук коргоочу уюмдардын Ай Вэйвэйди бошотуу өтүнүчүн АКШ жана Европа Биримдиги колдошту.

Кытай жетекчилигин эчен ирет сындаган сүрөткер 3-апрелде Бээжинден Гонконго учканы жатканда полиция тарабынан кармалгандан бери кайда экени дайынсыз. Ошол эле күнү Айдын Бээжиндеги өнөрканасы тинтилип, компьютерин жана дисктерин полиция алып кеткен.

Акыркы кезде Кытайда бир катар диссиденттер жана адам укугун коргоочулар камакка алынган.

XS
SM
MD
LG