Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Тажикстандан маң зат ташып келаткандардын бирөө өлтүрүлдү


Баңги заттарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгы менен Баткен облустук ички иштер башкармалыгы өткөн апта соңунда маң заттарын ташуучуларга каршы биргелешкен операция өткөрүштү. Облустук ички иштер башкармалык жетекчисинин орун басары Жеңиш Разаков “Азаттыкка” билдиргендей, аларга кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Арка айылынын жанынан маң заттарды ташуучу жолдордун бири өтөөрү тууралуу маалымат келип түшкөн. Маң заттарын ташуучулар деп шектелгендерди кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөтүлгөн. Натыйжада Баңги заттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкери Бакыт Имаров үч жолу көкүрөккө бычак жеген. Ал эми маң зат ташып баратат деп шектелгендердин бирөө ошол жерде атып өлтүрүлсө, дагы бирөө тирүү кармалган. Бул экөө тең Тажикстандын жарандары экени аныкталган. Алар түшкөн унааны тинтүү маалында 1 килограмм таза героин чыккан. Окко учкан 24 жаштагы тажикстандык Умиджан Мизамов ата-энесине өткөрүлүп берилип, анын шериги Абдумажит Гыламнасиров суракка алынууда. Учурда бул адамдардын буга чейинки ишмердүүлүгүн иликтөө сунушу коңшу өлкөнүн тиешелүү органдарга берилди. (IJz)

XS
SM
MD
LG