Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Египет 30 жылдан кийин Иранга бурулду


Египеттин билдиришинче, ырасмий Каир Иран менен мамиледе жаңы баракты ачууга даяр. “Эки өлкөнүн өз ара мамилеси алардын тарыхына жана цивилизациясына ылайык болгонуна татыктуу”,-деди Египеттин тышкы иштер министри Набил Элараби 5-апрелде Каирде Ирандын мартабалуу өкүлү Мугтаби Амани менен өткөргөн сүйлөшүүдөн соң. Бул февралда Хосни Мубарак президенттиктен кетирилгенден берки эки жактын бийик деңгээлдеги алгачкы кездешүүсү.

Иран Ислам Республикасы Египет менен байланышын, 1980-жылы Каир Израилди тааныгандан кийин токтотуп койгон. Египет арап дүйнөсүндөгү эң чоң суннит мамлекети. Ирандын элинин негизги бөлүгү шиилер.

XS
SM
MD
LG