Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештеги Каржы жана бюджет комитети бүгүн кароого алмакчы. Мындай демилгени сунуштаган Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигеновдун "Азаттыкка" билдиришинче, аталган мыйзам долбоор мектеп окуучулары менен жаш өспүрүмдөрдү кумар оюндарынан оолактатуу максатын көздөйт.
2010-жылдын 30-ноябрындагы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2063 оюн автоматтарынын борбору бар. Алардын 1439у Бишкекте жайгашкан. Казакстанда оюн автоматтарына тыюу салынышы жана Орусияда чектөө киргизилиши Кыргызстанда мындай жайлардын санынын өсүшүнө алып келген. (KKs)