Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Тажикстанда күйүүчү май кымбаттады


Орусия кара майга болгон акциздик төлөмдөрдү көтөргөндөн кийин Тажикстанда күйүүчү майдын баасы өстү. Маселен, 95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 1.10 доллар болду. Ушул ай башына салыштырганда бензиндин баасы дароо 10% кымбаттады.

Эки апта мурун Орусия Тажикстанга сатылчу күйүүчү майга болгон акциздик төлөмдү 5.3% көтөргөн.

Жергиликтүү серепчи Зафар Абдуллаев Орусия экономикалык жолдор аркылуу Тажикстан менен болгон саясий маселелерин чечүүнү көздөп жатканын билдирди.

1995-2010-жылдар аралыгында Орусия Тажикстанга акциздик төлөмсүз күйүүчү май сатып турган.

XS
SM
MD
LG