Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Байболов: УКМК тыңшаган миңдеген объект бар


Бул тууралуу мурдагы Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов Жогорку Кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү комитети менен Бюджет жана финансы комитетинин биргелешкен отурумунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ишмердүүлүгү туурасында маалымат берип жатып билдирди. Байболовдун айтымында, учурда УКМК тыңшоо боюнча системасын оңдоп, иш кагаздарды жок кылуу аракетин көрүүдө. “Тыңшалган объекттер миңдеп саналат. Бул система атайын кызматтар тарабынан мыйзамсыз пайдаланууда. Мунун үстүндө өткөөл мезгилдин президенти турат”, - деп билдирди.

Мындан сырткары Байболов маалымат берип жатып, УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду 2010-жылдын 8-апрелинде чек арага чейин өзү узатканын кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG