“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, Талас облустук администрациянын алдына 20 чакты адам чогулуп, аларга бийлик көңүл бурбай жатканына нааразылыгын билдиришүүдө. Чогулгандар 6-7-апрель күндөрү мурдагы бийликке, ошондогу оор турмушка каршы чыккандарын айтып, “партиянын катарында болбосок эле бизге эч ким көңүл бурбай жатат” деп даттанышууда.
Өткөн жылы апрелде Кыргызстан аймагында үй-бүлөлүк-кландык башкарууга, кымбатчылыкка, коррупцияга каршы эл көчөгө чыккан. Нааразылыктар айрыкча Талас, Бишкек шаарларында массалык түрдө өткөн. 7-апрелде Бишкекте борбордук аянттагы элдик толкундоолордо ок атылып, 87 адам набыт болгон жана жүздөгөнү жарат алган. (КЕ)