Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:47

Ыңкылапка катышкандардын 90 пайызын элеттиктер түзөт


Бул тууралуу бүгүн “Кыргызстандагы жумушсуздук” деген аталышта өткөн коомдук угууда айтылды. Мындай сурамжылоону Социалдык иликтөө борбору жүргүзгөн. Ага ылайык, 2005-2010-жылдардагы ыңкылапка катышкандардын 89% айылдан келгендер экен. Коомдук угууда айтылгандай, шаарларда жумушсуздуктун деңгээли 5,6%, айылдарда 23,4% түзөт. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жумушсуздардын саны жылына 100 миңге көбөйөт. Угууга катышкан “Ар-намыс” фракциясынан депутат Дастан Бекешов учурда кээ бир адамдар үчүн иштегенге караганда митингге чыгуу пайдалуу болуп жатканын белгиледи. (КЕ)
XS
SM
MD
LG