Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Бруцеллёз ылаңына каршы малды эмдөө башталды


Бүгүн Чүй облусунда бруцеллёз ылаңына каршы малды эмдөө иш-чарасы башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба министрлигинин өкүлү Ирена Байтанаева кабарлады. Анын айтымында, эмдөө үчүн каражаттар өткөн жылы сатылып алынган. Ушул жылы Ветеринария департаменти “Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү” деген долбоордун алкагында бруцеллёз ылаңына каршы REV-1 аттуу вакцинасынан 8,62 доза алат деп күтүлүүдө. Бул болсо өлкөнүн бардык аймактарында эмдөө иштерин жүргүзүүгө жетет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG