Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Июнь коогасы боюнча адвокаттар кысымга кабылганы айтылууда


2010-жылкы июнь коогасы боюнча жүрүп жаткан сот жараяндарына укук коргоочулар байкоо жүргүзгөн. “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Гүлшайыр Абдирасулованын “Азаттыкка” айтымында, сот учурунда бир топ адвокаттар соттор жана прокурорлор тарабынан кысымга алынган. Сот жараяндардын мыйзам чегинде, акыйкат өтпөй жатканы аныкталган. Бир эле берене менен айыпталып жаткан эки кишиге эки башка өкүм чыгарылып жатканы, сот жараяны кысым, кыйноолор менен коштолгону укук коргоочулардын байкоосунун жыйынтыктоочу баяндамасында көрсөтүлгөн.
Байкоо эки ай жүргүзүлүп, 28 кылмыш ишине жана 76 сот жараянына байкоо салынган. Жалпысынан 87 кыргызстандык атуул айыпталып атса, анын бешөө - кыргыз тегиндеги жарандар, делет “Кылым шамы” укук коргоо борборунун баяндамасында.
Ал эми Кыргызстандын Жогорку Сотунун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев мырза болсо "Кылым шамы" уюмунун дооматтары негизсиз жана Кыргызстандын айрым түштүк аймактарындагы 2010-жылкы июнь коогасы боюнча сот жараяндары мыйзам чегинде адилет жүрүүдө деп "Азаттык" үналгысына билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG