Батыш Африкадагы бул өлкөнүн шайланган президенти Алассан Уаттарга караштуу күчтөр мурдагы президент Лоран Гбагбонун Абижан шаарындагы үйүнө чабуул коюшууда. Ал ноябрдагы шайлоодо жеңилгенин азыркыга чейин тааныбай келүүдө.
Маалыматтарга караганда, шайланган президенттин күчтөрүнө бункеринде бекинип жаткан мурдагы президентти тирүү кармоо буйругу берилген. АКШ менен Франция кечээ Гбагбо бийликтен кетиши боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын айтты эле, бирок ал өзү бүгүн француз маалымат каражаттарына бийликти өткөрүп бербесин жана шайланган президентти тааныбай тургандыгын билдирди.
Кот-д'Ивуарда бийлик талаштан улам чыккан урушта 1500ден ашуун киши набыт болду.