Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Апрель ыңкылабына бир жыл толду


Бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде набыт болгондорго куран окутулат. Бишкектеги “Форум” имаратынын алдында эскерүү аземи болот. Андан соң Алматы көчөсүндөгү аталган имараттан борбордук Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш өтөт. Апрель окуяларын эскерүү иш-чаралары Ала-Тоо аянтында уланып, саат 16:00да өлкө боюнча эскерүү мүнөтү жарыяланат. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул иш-чараларга өлкө башчысы баштаган бийлик өкүлдөрү катышмакчы.

Мындан бир жыл мурда 7-апрелде Бишкекте ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы элдик толкундоолор өткөн. Алгач элдик толкундоолор Талас шаарында 6-апрелде башталган. 7-апрелдин таңында оппозициянын бир катар лидерлери камакка алынган. Бишкекте нааразылык акциялары алгач “Форум” ишканасынын жанында башталган. Абалды жайгарууга келген күч түзүмдөрүнүн курал-жарактары элдин колуна өткөн. Андан соң каршылык акциялары Ак үйдүн жанында уланган. Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет жасалган маалда, элге ок атылып, анын айынан 87 адам каза болгон. Натыйжада Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, кийин ал Беларуска кетүүгө аргаcыз болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG