Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

“Альфа телекомдон” бюджетке 850 млн. сом берилет


Бул тууралуу өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен Улутташтырылган мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Даир Кенекеевдин кечээ күнкү жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, мамлекет “Мегаком” байланыш операторунун ээси “Альфа телеком” ишканасынын 49 пайызы ээлик кылып жаткандыктан өкмөткө дивидент катары акча төлөнүүгө тийиш. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, “Альфа телекомдон” келе турган каражат бюджеттин таңсыктыгын жоюуга жумшалмакчы. Бул каражат качан берилери компаниянын 15-апрелде өтө турган акционерлер жыйынында белгилүү болмокчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG