Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

БУУ түштүктөгү 290 миң адамга азык-түлүктөн жардам берет


Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул тапта аталган программанын Ош жана Жалал-Абадга чукул жардам берүүгө багытталган долбоорунун акыркы бөлүгү ишке ашырылууда. Анын алкагында түштүктөгү июнь коогасынан жабыркаган 290 миң адамга июнь айына чейин азык-түлүк жардамы көрсөтүлөт.

БУУ өткөн жылдагы июнь коогасынан кийин Кыргызстандын түштүгүнө азык-түлүк жардамын баштаган. Буга чейин Ош жана Жалал-Абаддагы 552 миңден ашуун адамга азык-түлүк түрүндөгү ар кыл гуманитардык жардам берилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG