Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

АКШнын экс-конгрессмени Ливияга сүйлөшүүлөргө келди


Мурдагы конгресс мүчөсү Курт Уэлдон Муаммар Каддафи менен тараптарды жараштырууну сүйлөшүүгө Триполиге келди.

Уэлдон бул сапарга өз ыктыяры менен бирок Барак Обамага маалымдап чыккан. Америкалык саясатчы полковник Каддафиге Ливиянын батыш шаарларындагы аскер күчтөрүн алып кетсе козголоңчулар дагы токтоорун сунуштайт.

Уэлдон Триполиге келгиче Муаммар Каддафи президент Обамага кат жолдоп, анда Ливияда НАТО күчтөрүнүн соккусун токтотууну суранган.

Расмий Вашингтон болсо катка жооп катары Каддафи жасаган ишине жооп бере тургандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG