Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Бүгүн 7-апрелде набыт болгондор эскерилүүдө


Бүгүн Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуя эскерилүүдө. Буга байланыштуу Бишкекте бүгүн бир катар иш-чаралар белгиленген. Ушул тапта 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында каза тапкандар коюлган "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде президент Роза Отунбаева баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда маркумдарды эскерүү иш-чарасы өттү. Эскерүү аземин президенттин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев алып барды.

«Ата-Бейитте» маркумдарга куран окулган соң Бишкектеги кагылыш башталган Алматы көчөсүндөгү «Форум» имаратынын алдында эскерүү митинги уланып, көчөт отургузуу чарасы өтөт. Андан соң чогулгандар «Форум» имаратынан өкмөт үйүнүн алдына чейин жөө жүрүш жасап, борбордук аянтта окко учкандардын эстелигине гүл коюлат.

Бишкек шаар мэриясы билдиргендей, бул күнү коопсуздук чаралары күчөтүлүп, коомдук тартипти көзөмөлдөөдө милицияга элдик кошуундар көмөк көрсөтүшмөкчү. (IJz)

XS
SM
MD
LG