Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Президент баштаган адамдар "Форумдан" аянтка жөө келишти


Бишкектеги "Форум" имаратынын алдында түш оой 7-апрелде каза тапкандарды эскерүү иш-чарасы уланды. Иш-чарага президент Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө жетекчилиги, 7-апрелде каза тапкандардын туугандары, ошол күнү жаракат алгандар катышты. Маркумдарга багышталып куран окулган соң өлкө жетекчилиги 7-апрель курмандыктарына арналган көчөт отургузуу аземине катышты. Андан соң чогулгандар президент, премьер-министр баш болуп борбордук аянтка чейин жөө жүрүш жасашты. Азаттыктын" кабарчысы иш-чара өтүп аткан жерден билдиргендей, Ала-Тоо аянтында бир канча боз үйлөр тигилген. Атайын жасалган сахнада сөз алгандар сүйлөп, эскерүү жыйыны өтүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG