Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:30

Пакистанда бийлик адамдарына кол салуу уланууда

Пакистандын түштүк батышында унаачан жанкечти жардырган бомбадан бир киши өлдү, сегиз киши жарадар болду. 7-апрелде полициянын билдиришинче, жанкечти бомба катылган унаа менен Кветта шаардык полициясынын жетекчилеринин бири Вазир Хан Насирдин тамын сүзгөн. Вазир Хан жеңил жарадар болгон. Кветта - Белужистан провинциясынын административдик борбору.
​
XS
SM
MD
LG