Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Атамбаев: Айрым депутаттар кылмыш топтору менен байланышта


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкектеги "Форум" имаратынын алдында 7-апрель курмандыктарын эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөп, парламенттеги айрым депутаттардын артында кылмыш дүйнөсүнүн башчыларынын "кулактары" көрүнүп турганын билдирди. Анын айтымында, айрым депутаттардын артында криминалдык дүйнөнүн башчылары катары таанымал болгон Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев турганы маалым. Ошондой эле ал бир катар депутаттардын артында мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын уулу Максим Бакиев болгонун айтууда. Азырынча Жогорку Кеңештин депутаттары буга комментарий берише элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG