Бул тууралуу айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматынан «Азаттыкка» кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул каражат өткөн жылкы июнь коогасына байланыштуу жардам ирээтинде берилмекчи. Бүгүн Түркиянын “Жарык суу” компаниясы менен “Кызыл айчык” уюмунан келген өкүлдөр бул жардамды кыргыз тарапка тапшырышмакчы. Министрлик маалымдагандай, ушул тапта Кыргызстанда пахтанын чигити жетиштүү. Бул каражат кошумча чигит катары колдонулат. Бул жылы Кыргызстандын аймагында 35 миң 400 гектар жер аянтына пахта себилээри күтүлүүдө. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 8 миң гектарга көптүк кылат. (KKs)