Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Жапонияда 7 баллдан ашык жер титиреди


Өлкөнүн түндүк-чыгышында катуу жер силкинүү катталды. АКШ географиялык иликтөө борбору Рихтер шкаласы боюнча күчү 7.4 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу өткөн айда зилзала менен топон суу жүргөн Хоншу аймагында, кырсыкка кабылган «Фукусима Дайичи» өзөктүк ишканасынан 144 чакырым алыстыкта орун алганын билдирди.

Токиодо болсо жер силкинүү 1 мүнөттөй созулуп, айрым имараттарда жараңка кеткени кабарланды.

Токио электр ишканасы «Фукусима Дайичи» өзөктүк ишканасына зилзаланын жаңы толкуну олуттуу коркунуч алып келбегендигин маалымдады. Өткөн айда Жапонияда жер титирөөнүн күчү 9 баллга, топон суу толкунун бийиктиги 10 метрге чейин жеткен.

XS
SM
MD
LG