Бүгүн Борбордук Азиядагы Америка университетинде (БААУ) «Болочок лидерлердин мууну!» аттуу карьера жарманкеси өтөт.
Иш-чаранын максаты жаш адистерге ишкердик чөйрө менен таанышып, иш берүүчүлөрдүн жаш адистерге койгон талаптарын билип, эмгек рыногунда өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат. БААУнун бүтүрүүчүлөрү менен студенттеринен тышкары жарманкеге кыргыз-орус Славян, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук жана кыргыз-түрк “Манас” университеттеринин студенттери катышат. Бул тууралуу БААУнун маалымат кызматы билдирет.
"Карьера жарманкеси – бул жаш адистер үчүн өзүн жана өз жөндөмдөрүн көрсөтүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк. Ар бир катышуучу өлкөнүн эң белгилүү компаниялары менен таанышып, ишке орношуу рыногунун бардык өзгөчөлүктөрүн мыкты билүүсүнө өбөлгө түзөт",- дейт БААУнун Карьера жана кураторчулук борборунун директору Лира Жураева.
Жарманкеде жаш адистерди ишке алууга кызыккан 13 компания жана уюм катышат. Алардын арасында уюлдук байланыш операторлору, чакан насыя берүүчү компаниялар, туроператорлор, аудитордук компаниялар, эл аралык уюмдар бар. (IJz)