Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

БЭК партиясынын жетекчиси алмашат


“Бириккен элдик кыймылы” саясий партиясынын төрагасы алмашат. Бул тууралуу БЭК партиясынын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 16-апрелде Бишкекте аталган партиянын үчүнчү курултайы өтүп, партиянын жер-жерлерден келген 100 чамалуу өкүлдөрү учурдагы өлкөдөгү кырдаалды талкууга алышат. Ошондой эле партиянын учурдагы төрагасы Муратбек Мукашев бошотулуп, анын ордуна жаңы төрага шайланат.

БЭК партиясын былтыр апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттө күч түзүмдөрүн жетектеп турган Азимбек Бекназаров түзүп, парламенттик шайлоодо 5 пайыздык чектен өтө албай калышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG