Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Кытай Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция кылууга даяр


Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары маалында бир катар жогорку денгээлдеги ырасмий жолугушууларды, ири корпорациялардын жетекчилери менен жолугушту. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, кечээ Ө.Бабанов “Годян”, “Синогидро”, “Хувэй”, “ZTE” баштаган ири корпорация жетекчилери менен жолугушуп, Кыргызстанга инвестиция тартуу маселеси тууралуу сүйлөштү. Аталган компаниялар Кыргызстанга энергетика, энергетикалык жабдыктарды өндүрүү, ГЭС, ТЭЦтерди оңдоо, альтернативдик энергия булактарын колдонуу, темир жол, телекоммуникация тармактарына инвестиция жасоого даярдыгын билдиришти.

“Синогидро” корпорациясы гидроэнергетикалык объекттерди куруп, түрдүү энергетикалык долбоорлорду ишке ашырчу дүйнөдөгү эң ири ишкана. “Годян” корпорациясы да энергетика жаатындагы эң ири компаниялардын бири. (IJz)

XS
SM
MD
LG