Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

НАТО "жаңылыш" чабуул үчүн кечирим сурабайт


НАТОнун аскер күчтөрү Ливияда козголоңчулардын танкасын жаңылыш атып алышканын мойнуна алышты, бирок кечирим сурабай турганын билдиришти. “Согуш болуп жаткан жерде кимиси өкмөттүк, кимиси козголоңчулардын адамдары экенин аңдоо кыйын, - деди бүгүн НАТОнун ал операцияларынын командачысынын орун басары Рассел Хардинг. -
Мен эмне үчүн кечирим сурамак элем. Аймактагы абал улам өзгөрүп турат. Биз, маселен, кечээ күнгө чейин оппозициялык күчтөр танка колдонушканы тууралуу билген эмеспиз". НАТонун күчтөрү кечээ Брега портунда козголоңчулардын танкын жаңылыш атып алышкан. Андан кеминде эки адам өлгөн. Бул шаардын айланасында ливиялык лидер Муаммар Каддафинин аскерлери менен козголоңчулар атышып жатышканына бир аптадан ашты.

XS
SM
MD
LG