Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Йеменде он миңдеген эл нааразылык акциясына чыкты


Бүгүн жума намаздан кийин демонстрацияларга чогулгандар президент Али Абдулла Салехтин кызматтан кетишин талап кылышты. Демонстрациялар бүгүн өлкөнүн борборундагы жана башка ири шаарлардагы аянттарда өттү. Ал арада 100 миңдей адам анти-митингге чыгып, Салехтин бийликте калышын суранышты. Перси булуңундагы өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши буга чейин Салехти бүгүн президенттиктен кетүүгө чакырган. Йеменде нааразылык акциялары эки айдан бери өтүп жатат. Адам укугун коргоочулар 100 ашуун адам тополоңдордо өлгөнүн айтышууда.

XS
SM
MD
LG