Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эмгектери сатылган дүкөн ачылат


Бул тууралуу Борбор Азиядагы Евразия кору билдирүүдө. Маалыматка ылайык, Бишкектеги “Колдошоп” деп аталган бул социалдык дүкөнгө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өздөрү жасаган буюм-тайымдарын сатыкка койо алышат. Мындан тышкары бул дүкөндө эл аралык уюмдар тарабынан кайтарымсыз негизде келген товарлар болот. Дүкөндүн негизги максаты коомдун аярлуу катмарына акча табуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат. Бул дүкөндүн ачылышы бүгүн түштөн кийин болот. Долбоор Борбор Азиядагы Евразия кору, FINCA, HelpAge International жана Казакстанадагы Нидерланд элчилиги тарабынан колдоого алынууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG