Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Дыйкандар апрель-май ичинде күйүүчү май менен толук камсыз болот


Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл чарба министри Төрөгул Беков билдирди. Анын айтымында, Орусия бажы төлөмүн толугу менен алгандан кийин май ташуучу ишканалар тынымсыз күйүүчү май алып келүүиштерин баштады.

Бековдун маалыматына ылайык, “Газпром нефть Азия” жеке ишканасы апрель-май ичинде 18 миң тонна дизел отун, 50 миң тонна бензин алып келет. Мунун дизел отуну 30-32 сомдон болот. Бензин болсо 30-33 сомдун тегерегинде болот. Мындан тышкары калган жеке нефтетрейдерлер апрель-май ичинде 90 миң тонна дизелдик отун, 200 миң тонна бензин алып келүүнү пландоодо.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга жазгы талаа жумуштарына 40 миң тонна дизелдик отун керек. Азыркы күндө Кыргызстан 18 миң тонна менен гана камсыздалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG