Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:33

АКШ Конгресси акыркы саатта бюджетти сактап калды


АКШ Конгресси өкмөттү финансылоо боюнча өз ара мунасага келди. 8-апрелде узак талкуудан кийин Конгресстеги республикачыл менен демократтардын өкүлдөрү борбордук өкмөттү каржылоо боюнча мунаса тапты. Өкүлдөр палатасынын төрагасы, республикачыл Жон Бонэр бул жөнүндө: “Сиздер билгендей, талкуу өтө көп болду, узак тартыштык. Биз өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзчү ишкерлерге чындап жардам берүү максатында өкмөттүн чыгымын кыскартуу үчүн күрөштүк,”-деп билдирди.

Тараптар келишимге өкмөттүк мекемелерди каржылоо токтотулардан эки саат мурда жетишти. Бирок чыгымдарды 2 миллиард долларга кыскартышты. Президент Обаманын сөзүнчө мерчемдеген айрым долбоорлорду каржылоо кыскартылганы менен Ак үй артыкчылык берген долбоорлор сакталып калды.

Акыркы өткөөл шайлоодон бери Конгрессте үстөмдүк кылган республикачылар бюджеттик чыгымдарды азайтуу 14 триллион долларлык улуттук карызды кыскартууга мүмкүндүк берет деп жатышты.

XS
SM
MD
LG