Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Кытай Кыргызстан менен темир жол курууга кызыкдар


Кытай тарап Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун тезирээк курулушун каалайт. Бул тууралуу Шинжаң уйгур автономдук районунун жетекчиси Нур Бакри 8-апрелде вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен Үрүмчүдө болгон жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, Кытай, Кыргызстан, Өзбекстандын аймактарынан өтө турган бул темир жол “Кашкар” эркин экономикалык аймагынын өнүгүшүнө салымын кошот жана бул долбоор уйгур автоном районун өнүктүрүү боюнча атайын өкмөттүн планына киргизилген.

Аталган магистралдын техникалык-экономикалык негизин кытай эксперттери 2003-жылы эле иштеп чыгышкан. Ага ылайык, темир жолдун Кыргызстандын аймагындагы курулушунун наркы 1 миллиард 340 миллион долларга чыккан. Бул жол курулуп калса, ал аркылуу транзиттик жүктөрдү ташуудан Кыргызстан жылына 200 миллион доллар пайда табары да эсептелген.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан транс улуттук темир жол магистралын долбоор боюнча Кытайдын Кашкар шаарынан бери куруп, Кыргызстанда Торугарт аркылуу өткөрүп, Өзгөн, Кара-Суу шаарларын аралап Өзбекстанга жеткирүү каралган. Кыргызстандагы участкасынын узундугу 268 км. болуп эсептелген. (KKs)

XS
SM
MD
LG