Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Евробиримдиктин лидерлери үнөмдөө саясаты үчүн


Европа биримдигинин каржы министрлери уюмга мүчө өлкөлөр финансылык кризистен чыгуусу үчүн катаал үнөмдөөдөн башка чара жок деп санашат. Мындай билдирүүнү Испаниянын финансы министри Елена Салгадо Евробиримдиктин финансы министрлеринин 9-апрелде Будапеште өтүп жаткан жыйыны маалында кабарчылар үчүн жасады. “Улуттук өкмөттөр борчун ырааттуу төлөөсү үчүн бизге өсүү темпин жогорулатуу, жакшы өсүш жана дефицитти кыскартуу керек”,-деп кошумчалады Салгадо айым.

Элдин өкмөттүн үнөмдөө саясатына нааразы экенине карабай Биримдиктин лидерлери айоосуз үнөмдөөнү экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү фактору деп санашат.

9-апрелде кечинде Будапеште маяналарды көбөйтүүнү токтотууга жана песия реформасына каршы венгр кесиптик кошуундары уюштурган массалык демонстрация өтөт.

XS
SM
MD
LG