Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Каирдин "Эркиндик" аянты демонстранттардын колунда


9-апрелде Каирдин “Эркиндик” (Тахрир) аянтына чыккан демонстранттар автомобилдерди өрттөшүп, тикенек зым тартып, тегерегин тосуп алышты. Ишембиге караган түнү аянтта калган бир нече миң адамды Египеттин коопсуздук күчтөрү асманга ок атып тараткан жана бул кагылышта кеминде он адам жарадар болгону маалымдалды.

8-апрелде жума намаздан кийин “Эркиндик” аянтына агылган миңдеген адамдар Египетти башкарган Аскерий кеңештин төрагасы, фельдмаршал Мохаммед Тантавинин кызматтан кетүүсүн жана армияны мубаркчылардан тазалоону талап кылган ураандарды чакырышкан. Бул февралда Хосни Мубарак президенттиктен кулатылгандан берки эң чоң демонстрация болду. Акцияга жети диссидент-офицер да катышты.

XS
SM
MD
LG