Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Cириянын түштүгүндө абал татаал


Сириянын коопсуздук күчтөрү өлкө түштүгүндөгү Дараа шаарында 8-апрелдеги өкмөткө каршы козголуш учурунда набыт болгон адамдарды жайга берүүдөн кийинки элдин нааразылык акциясын ок атып таратканы маалымдалды.

Сириянын адам укуктары боюнча улуттук уюмунун башчысы Амар Курабинин 9-апрелде билдиришинче, полициянын огунан бир нече демонстрант жарадар болгон. Ырасмий Дамаск маалымат каражаттарын катуу чектөөгө алгандыктан чет элдик агенттиктерге Дараадагы окуя жөнүндө кеңири маалымат алуу мүмкүн болбой жатат.

Жума күнү Дараада жана анын тегерегиндеги кыштактарда болгон өкмөткө каршы козголоң маалында аскерлердин огунан өлгөн 22 киши 9-апрелде жайга берилди.

XS
SM
MD
LG