Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Дүйшөбаев: Жогорку Кеңештен 1 автомат, 10 тапанча алынды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынында парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев менен “Республика” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулаймановдун мушташынан кийин түзүлгөн опурталдуу кырдаал алдын алынды деп билдирди. Анын айтымында, бул окуядан кийин жаңжалдашкан эки тараптан тең бой-мүчөлүү куралчан жаш балдар пайда болгон. УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкерлери Жогорку Кеңештин кире бериштерин тосуп, кирген-чыккандарды текшерүүгө алган. Анын натыйжасында 1 автомат, 10 тапанча алынган. (EBM)

XS
SM
MD
LG