Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

Смоленсктеги кырсыктын курмандыктарын эскеришет


Орусия жана Польшанын президенттери Смоленсктин жанында болгон аба кырсыгынын курмандыктарын эскеришет. Былтыр Польшанын ал кездеги мамлекет башчысы Лех Качински жана анын жубайын ташып бараткан учак шаар аэропортуна коноордо кулап, 96 киши жан таслим болгон. Жогорку жетекчилерден турган польшалык расмий делегация Катындагы кыргынды эскерүү үчүн Орусияга бараткан. 1940-жылы Смоленсктен алыс эмес жерде советтердин коопсуздук органы - НКВД польшалык 22 миңге жакын кишини жок кылган. Бүгүнкү иш-чаралар Москва менен Варшаванын мамилелери чыңалып турган кезге туш келди. Авиакырсыктан набыт кеткендердин жакындары учак кулап түшкөн жерге эскерүү тактасын орнотуп, анда Катын кыргыны геноцид деп аталган. Орус расмий адамдары чет тилде жазууларды орнотууга мыйзам жол бербейт деп, аны учактын кырсыгы эле жөнүндө айтылган орус тилиндеги тактага алмаштырган. Качинскинин учагы былтыр 10-апрелде кырсыкка кабылган.

XS
SM
MD
LG