Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Мисратада 20дан ашуун бала окко учту


БУУнун балдар кору – ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча Ливиянын Мисрата шаарында өткөн 3 аптанын ичинде бери дегенде 20 бала мүрт кетти, дагы бир нечеси ар кандай жаракат алды. Уюмдун Женевадагы өкүлдөрү билдиришкендей курман болгондордун көбү 10 жашка чыга элек балдар, арасында ымыркайлар бар. Алар негизинен ракета жана танктар аткан дүрмөттөрдүн сыныктарына же көзгө атаарлардын огуна кабылып өлгөн. Камоолдо калган Мисрата шаарында тамак-аш менен таза суу тартыш болуп жаткан кезде он миңдеген баланын абалы тынчсыздандырат, - деп билдирет ЮНИСЕФ.

XS
SM
MD
LG