Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Жапония АЭСтеги коркунучтун деңгээлин эң жогорку баскычка көтөрдү


Бул тууралуу жапон маалымат каражаттары билдирүүдө. Алардын кабарына караганда, Жапониянын атомдук жана өнөр-жай коопсуздугу боюнча агенттиги 11-марттагы зилзала менен цунамиден муздатуу системасы талкалаган "Фукусима" АЭСинде коркунучтун деңгээли мурдагы бешинчиден жетинчи баскычка көтөргөн.

Мындай баскыч акыркы ирет 1986-жылы Украинадагы Чернобыль АЭСинде жарылуу болгондо берилген эле. Бирок жапон агенттигинин расмий өкүлү Хидехико Нишияма "Фукусимадан" айлана-чөйрөгө бөлүнгөн радиациянын көлөмү Чернобылдан тараган радиациянын 10 пайызын эле түзөрүн белгиледи.

Бүгүн Фукусима АЭСинин төртүнчү реакторунда өрт чыгып, бирок расмий өкүлдөрдүн айтымында, кайра өчүрүлгөн.

Бул аралыкта бүгүн Токиодо жана анын тегерегинде күчү 6.3 баллга жеткен жер силкинүүсү кайрадан катталды. Анын кандайдыр бир зыяндары тууралуу маалымат түшкөн жок

XS
SM
MD
LG